Грек-рим күрөшү боюнча КР командасы дүйнөдөгү төрт мыкты кураманын катарына кирди

Мелдеш 12-14-декабрь күндөрү өтүп, 10 салмак боюнча жарыш жүргөн. Кыргызстандын курама командасынан тогуз балбан таймашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Сербияда өткөн Дүйнө кубогу мелдешинде жалпы командалык эсепте төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Twitter баракчасына жарыялады. 

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда финалга чыкты. Эмки атаандашы да аныкталды
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 12-14-декабрь күндөрү өтүп, 10 салмак боюнча жарыш жүргөн. Кыргызстандын курама командасынан башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектеген тогуз балбан таймашкан.

Мелдешке катышкан балбандардын дээрлик алтоо медаль үчүн кармашка чыгышты. Алар бир алтын, эки коло байге утушту. Дагы үчөө үчүнчү орун үчүн таймашта жеңилишти.

32 мамлекеттен спортчулар катышкан мелдеште Кыргызстандын балбандары жалпысынан 85 упай топтоп, командалык эсепте төртүнчү орунга жетишти.

Россия, Венгрия жана Түркия алдыңкы үчтүктү ээлешкен.