Министрлик: эмчек сүтүндө вирустан коргоочу антителолор бар

Кокус бала эмизген аялда коронавирустун белгилери байкалса, ал ымыркайын кооптонбой эле эмизе берсе болот.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Коронавирус энеден ымыркайга эмчек сүтү аркылуу жукпайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Ага ылайык, кокус бала эмизген аялда коронавирустун белгилери байкалса, ал ымыркайын кооптонбой эле эмизе берсе болот. Негизи бет кап тагынып алып эмизүү сунушталат. Кокус ага шарты туура келбесе, анда эч нерсе болбойт.

"Эмчек сүтүндө баланы вирустан коргоочу иммуноглобулин жана антителолор бар. Коронавируска шектелген же оорусу тастыкталган энелер баланы эмизе берсе болот. Анткени коронавирус эмчек сүтү аркылуу жукпайт. Эмчек сүтү баланы ар кандай инфекциялардан коргойт", — деп айтылат маалыматта.

Адистердин дээрлик бардыгы ар бир эне баласын 2 жашка чыкканга чейин өз сүтү менен азыктандырышы керектигин айтып келишет.