Радио

Сазбаков: КР ишкерлери ЕАЭБ ичинде мамлекеттик сатып алууларга катыша алат

Өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков биримдиктин ичиндеги мамлекеттик-муниципалдык сатып алууларды жүргүзүү маселеси жөнгө салынганын маалымдады.
Sputnik
Сазбаков: КР ишкерлери ЕАЭБ ичинде мамлекеттик сатып алууларга катыша алат

Кыргызстандын ишкерлери өз продукциялары менен ЕАЭБ алкагында мамлекеттик-муниципалдык сатып алууларга катыша алат. Бул тууралуу Алмаз Сазбаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул эреже 4-декабрда өкмөттөр аралык кеңеште каралган тогуз маселенин ичине камтылган.

"Мамлекеттик-муниципалдык сатып алуулар биз үчүн абдан маанилүү. Себеби учурда көп өлкөлөр сырттан товар ташып келип, аны бир аз өзгөртүп, өзүнүн товары катары мамлекеттик сатып алууларга чыгып келишкен. Бирок бул үчүнчү мамлекеттердин товарларына кыйыр түрдө колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Ошону жокко чыгарып, өзүбүздүн продукцияны колдоо максатталды. Кыргызстандын өнөр жайынын товарларын мамлекеттик-муниципалдык сатып алуулардын тизмесинен көрүүнү кааладык. Бул ата мекендик ишкерлерге пайдалуу. Анткени бул рынокто биздин ишкерлер пассивдүү иш алып барып келген", — деди Сазбаков.

Ошондой эле ал мамлекеттик-муниципалдык сатып алууларга катышууга мүмкүнчүлүк алган товарлардын тизмеси кабыл алынып, бул тизмени өз кезегинде өзгөртүп турууга мүмкүнчүлүктөр бар экендигин кошумчалады.