COVID-19: президенттик шайлоого карата жаңы алгоритм даярдалды

Нурболот Үсөнбаев бардык кыргызстандыктарды шайлоо кампаниясы учурунда санитардык эрежелерди карманууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Алдыдагы президенттик шайлоого карата Республикалык штаб менен БШК атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Андагы талаптарды шайлоо комиссиялары, жергиликтүү бийлик органдары аткарышы керек. Документте үгүт иштери, добуш берүү учурунда аткара турчу эрежелер жазылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Үсөнбаев бардык кыргызстандыктарды шайлоо кампаниясы учурунда санитардык эрежелерди карманууга чакырды.

Баарын аныктайт. Россия Кыргызстанга көчмө лаборатория берди
"Алдыда шайлоо өнөктүгү турат. Эл ар кандай жыйындарга массалык түрдө чогулушу мүмкүн. Октябрь окуяларында санитардык эрежелер сакталбай калды эле, кесепетине тез эле күбө болдук. Вирус кайрадан күч алды", — деди орун басар.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Добуш берүү келе жаткан жылдын 10-январына бегиленген.