Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши көз жумду

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ысык-Атада өрттөн каза тапкан үй-бүлө. Кырсыктын себеби менен ага шектүү айтылды
Окуя 14-декабрь күнү саат 19:54төр чамасында Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 110-чакырымында болгон. Анда Чаткал суусуна "Жигули" унаасы менен 37 жаштагы эркек киши түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.