БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Добуш берүүгө Кыргызстандагы шайлоочулардын 30 пайызы катышканда референдум өттү деп эсептелет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, референдумду өттү деп таануу үчүн жалпы шайлоочулардын кеминде 30 пайызы катышышы керек. Кайсы позицияга көбүрөөк кол чогултулса, ошол башкаруу формасы деп таанылат.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.
14-декабрга карата БШКга 3 552 582 шайлоочу катталган. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо 1 971 948 жаран же шайлоочулардын 55,96 пайызы добуш берүүгө келген.