Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп өттү. Сүрөт

Демонстранттар долбоор жеке үйлөрдү алып коюуга шарт түзөрүн белгилешүүдө. Ал эми калаа бийлиги мындай документ шаарды башаламан курулуштан сактайт деп ишенет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында митинг өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Катышуучулар 2019-жылы кабыл алынган шаар ичиндеги курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин каралган долбооруна каршы чыгып жатышууда. Алардын айтымында, документ коомчулуктун пикирин эске албастан, процедураларды бузуу менен кабыл алынган. Демонстранттар бул план жеке үйлөрдү алып коюуга шарт түзөрүн белгилешти. 

Бишкек мэриясынын алдында митинг болуп өттү. Сүрөт

Жарандар шаар ичиндеги курулуштар боюнча жаңы долбоор түзүп, эскисин жазгандарды жоопко тартууну талап кылышууда. Алар ошондой эле шаардык бийликти ыш менен күрөшүүгө дагы чакырды.

Буга чейин шаардыктардан түзүлгөн топ калаа ичиндеги курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин каралган долбоорун жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык кеңешин сотко берген. Кийин шаар прокуратурасы чындап эле мыйзам бузуу болгонун аныктаган.

Шаар ичиндеги курулуштун майда-чүйдөсүнө чейин каралган долбоору — бул башкы пландын кененирээк версиясы. Башкача айтканда, аталган документ кварталдарды, участкаларды курууда жана архитектуралык долбоорлоодо колдонулат.

Калаа бийлиги мындай долбоор шаарды башаламан курулуштан сактайт деп ишенет.