Баткенде контейнерден курулган 200 орундуу оорукана иштөөгө даяр. Сүрөттөр

Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени салууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда кошуна Өзбекстандын колдоосу менен контейнерден курулуп баштаган 200 орундуу оорукана ишке даяр. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Жугуштуу оорулууларга ылайыкташкан бул мекеме жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүү алдында турат.

"Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулду. Оорукана керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени салууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири Бишкек шаарында, ал эми экинчиси Баткен облусунун Кадамжай районунда курулду.