Ысык-Ата: бир келин, кичинекей үч бала каза тапты. Сарайдагы өрттүн кесепети

Өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата районунан эки жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан бир бригада барган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кечээ Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын түштүк жагында жайгашкан сарайдан өрт чыгып, 25 жаштагы келин жана үч кичинекей бала көз жумган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкектин чекесиндеги айылда эки киши үйү менен кошо күйүп кетти
Каза болгон келиндин 25 жашта, ал эми кичинекейлер — 3-4 жашар эки эркек бала, алты жаштагы кыз экендиги айтылды.

Өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата районунан эки жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүү кошуунунан бир бригада барган.

Адам өмүрүн алган тилсиз жоо 15:14тө чектөөгө алынып, саат 20:47де толук өчүрүлгөн.

ӨКМ келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталып жаткандыгын билдирди.