Бишкектеги жаңы паркка видеобайкоо жана акысыз Wi-Fi коюлат

Жаңы паркты видеобайкоо менен камсыздоого 2 миллион 634 миң сом каралган. Жакында тендер өткөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы паркка видеобайкоо орнотууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Жакынкы күндөрү мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер жарыялана турганы айтылат.

Сейил бакта сервердик база жана 7,5 гектар аянтты камтычу 52 видеокамера орнотулат. Ошондой эле акысыз негизде Wi-Fi коюлат.

Жаңы паркты видеобайкоо менен камсыздоого 2 миллион 634 миң сом каралган.