Ысык-Атада өрттөн каза тапкан үй-бүлө. Кырсыктын себеби менен ага шектүү айтылды

Каза болгон балдардын арасынан үч жашар наристе 25 жаштагы аялдын жээни экени айтылды. Ал эми алты жана төрт жаштагы бөбөктөр өзүнүн балдары болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. ӨКМ Ысык-Атанын Новопокровка айылына жакын сарайдан чыккан өрттүн болжолдуу себебин айтып, окуяга күнөөсү бар делген адамды атады.

Эске салсак, кечээ, 13-декабрда, түш ченде сарай өрттөнүп, анын кесепетинен 25 жаштагы келин менен 3, 4 жана 6 жашар эки эркек бала менен бир кыз көз жумган. Кийинчерээк алар бир үй-бүлө экени маалым болгон.

Аксыда бала бакча өрттөнүп кетти. Кырсыктын кесепетинин сүрөттөрү
ӨКМдин маалымат кызматы билдирме кайра такталганын айтып, каза болгон балдардын арасынан үч жашар наристе 25 жаштагы аялдын жээни экенин билдирди. Ал эми алты жана төрт жаштагы бөбөктөр өзүнүн балдары болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, 13-декабрда 21 жаштагы жигит мешке от жагууга аракет кылып, аны тутантыш үчүн бензин колдонгон. Күйүүчү май тутанып, бөтөлкө да күйгөн. Андан соң өрт жигиттин кийимине жабышып, күйүп жаткан бөтөлкө жерде калган. Жыйынтыгында сарай өрттөнүп, жигит аман калган.

"Өрттөнгөн үйдүн узундугу да, туурасы да 36 метр болгон. Анын дубалы саман кошулган ылайдан салынган. Ал эми бөлмөлөрдүн ортосундагы дубал, пол жана шыбы жыгачтан жасалган", — деп айтылат маалыматта.

Өрт жалпы 320 чарчы метр аянтты жалмаган. Тагыраагы, эки бөлмө жана кире бериш күйгөн.

Өрт тууралуу маалымат ӨКМге 13-декабрь күнү 14:36да түшүп, өрт өчүрүүчүлөр жерине 14:51де барышкан. Кырсык саат 15:15те чектөөгө алынып, толугу менен кечки саат 20:47де өчүрүлгөн.