Кыргызстандан кайсы өлкөлөргө учактар учууда? Графиги жана ырааты

Исфана шаарына ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралып жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Кыргызстанда аткарылган ички жана эл аралык каттамдардын ыраатын түшүндүрдү.

Билдирмеге караганда, азыркы тапта Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана Россияга үзгүлтүксүз эл аралык каттамдар аткарылууда. Мындан сырткары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларына учактар барып-келип жатат.

Каттамдардын ырааты:

Түркия

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек. AviaTrafficCompany жумасына бир жолу каттайт;
  • Стамбул — Бишкек — Стамбул. "Түрк аба жолдору" жумасына беш жолу каттайт;
  • Стамбул — Бишкек — Стамбул. Pegasus Airlines жумасына жети жолу каттайт;
  • Анталья — Бишкек — Анталья. Pegasus Airlines жумасына бир жолу каттайт.

Россия

  • Москва — Бишкек — Москва. "Аэрофлот" жумасына бир жолу каттайт;
  • Бишкек — Москва — Бишкек. AviaTrafficCompany жумасына бир жолу каттайт.

Казакстан

  • Алматы — Бишкек — Алматы, Air Astana жумасына эки жолу каттайт.

БАЭ

  • Дубай — Бишкек — Дубай, Flydubai жумасына үч жолу каттайт;

Өзбекстан

  • Ташкент — Бишкек — Ташкент, "Узбекистон хаво йуллари" жумасына бир жолу каттайт.

Кыргызстандын аймагындагы үзгүлтүксүз каттамдар AviaTrafficCompany жана Tez Jet авиакомпаниялары тарабынан аткарылууда.

  • Бишкек — Ош — Бишкек, Tez Jet күнүнө 3 жолу (жумасына 21 каттам);
  • Бишкек — Ош — Бишкек, AviaTrafficCompany күнүнө бир жолу (жумасына 7 каттам);
  • Жалал-Абад — Бишкек — Жалал-Абад, Tez Jet жумасына бир жолу каттайт;
  • Бишкек — Баткен — Бишкек, Tez Jet жумасына бир жолу каттайт.
  • Исфана шаарына ички каттамды калыбына келтирүү жана эл аралык багыттар боюнча учуунун жыштыгын көбөйтүү маселеси каралып жатканы айтылды.