Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө

Бажы бекетинен өтүп бараткан унаанын тийиштүү уруксат кагаздары жана бажы төлөмдөрү жок болуп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош шаарында системалык түрдө жасалып келген контрабандалык схема аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө

Маалыматка ылайык, Финполдун Ош шаары боюнча башкармалыгы кызмат адамдарынын таасири алдында системалык түрдө контрабандалык товарлардын алып кирүү фактысын аныктаган.

Анда 11-декабарь күнү Өзбекстандан элге керектелүүчү товарды жүктөп келе жаткан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа "Достук" бажы бекетинен токтотулган. Текшергенде тийиштүү уруксат кагаздары жана бажы төлөмдөрү жок болуп чыккан.

"Учурда Финпол аткезчилердин кызыкчылыгын коргоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымды бюджетке кайтаруу иштерин жүргүзүп жатат", — деп билдирди Финполдун маалымат кызматы.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.