Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда румын кызы менен килемге чыгат

Кыргызстандык спортчу кыз мелдеште 62 килограмм салмакта ат салышат. Ал квалификациялык раунддан баштап күрөшмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бүгүн кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогу мелдешинде килемге чыгат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтында айтылат.

62 килограмм салмакта күч сынашкан Тыныбекова квалификациялык этапта румыниялык Крисца Тунде Инкзе менен кармашат.

Дүйнө кубогунда, мындан сырткары, кыргызстандык балбан кыздар Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы күрөшөт. Бирок алар расписание боюнча эртең, 15-декабрда, килемге чыгышат.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова жакында эле UWW уюму кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбанды аныктоо боюнча уюштурган виртуалдуу жарышта 16 спортчунун ичинен жеңүүчү болгон.