Апта ирмеми: Илон Масктын жарылган ракетасынан ыш баскан Бишкекке чейин

Sputnik

Ереванда (Армения) Тоолуу Карабахтагы ок атууларды токтотуу келишиминен улам премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициянын нааразычылык акциялары өттү.

Бишкектин четиндеги "Ала-Тоо" полигонунда командалык-штабдык машыгуулар болду. Аскер кызматкерлери өзгөчө кырдаалды киргизүүдө жана президенттик шайлоого байланыштуу мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы аракеттер кандай болуп жатканын көрсөттү.

Илон Масктын кемеси сыноо учурунда жарылып кетти. Видео
АКШнын Техас штатында Илон Масктын SpaceX компаниясынын сынамык иретинде учурулган Starship аппаратынын прототиби жарылып кетсе, Найроби (Кения) шаарында Iron Fit аталыштагы бодибилдинг боюнча мелдеш өттү.

Рюгу астероидинин топурагын топтогон Хаябуса-2 космос зонду бар капсула Австралиянын чөлүнө келип конду.

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы жээктерге киттер келе баштады. Адистер бул көрүнүш сууну тазалоо жана планктондун деңгээлин калыбына келтирүү иш-чараларынын натыйжасында ишке ашканын айтышууда.

Кыргызстандын баш калаасы дээрлик бир айдан бери планетадагы абасы эң кир ири шаарлардын рейтингинде биринчи орунда келет. World Air Quality порталы Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин кооптуу деп атады.

 

1 / 20
Рюгу астероидинин топурагын топтогон Хаябуса-2 космос зонду бар капсула Австралиянын чөлүнө келип конду. Окумуштуулар космостук үлгүлөр Жердеги жашоонун келип чыгуу сырын чечүүгө жардам берет деп ишенишет. Hayabusa 2 космос зонду 340 миллион чакырым алыстыктагы Рюгуга 2014-жылы учурулган
2 / 20
Кыргызстандын борбору дээрлик бир айдан бери планетадагы абасы эң кир ири шаарлардын рейтингинде алдыңкы сапта келет. Абанын абалын реалдуу убакыт режиминде байкап турган World Air Quality сайты Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин кооптуу деп атады. PM 2.5 майда бөлүкчөлөрү негизги булгоочу зат деп саналат
3 / 20
АКШнын Техас штатында сыноо учурунда SpaceX Starship прототиби жарылган учур. Компания күйүүчү май куюлган цистернанын төмөн басымы катуу ылдамдыкта конууга алып келип, натыйжада "катаал жана кызыктуу конуу" болгонун түшүндүрдү
4 / 20
Борбор калаанын сыртындагы "Ала-Тоо" аскер полигонунда машыгуу өтүп, аскер кызматкерлери өзгөчө абал режиминде аткарылчу иш-аракетине, ошондой эле президенттик шайлоого байланыштуу башаламандыкты токтотуу боюнча даярдык көрдү
5 / 20
Найробиде (Кения) өткөн Iron Fit мелдешиндеги бодибилдерлер
6 / 20
Токиодогу Sunshine аквариумунда африкалык пингвин сүзүп жүрөт (Япония)
7 / 20
Суданда "Гедареф" качкындар лагериндеги чиркөөдө балдар ойноп жатат
8 / 20
10-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын жаңы жылдык башкы балатысынын оту жанды. Жасалма арчанын узундугу 25 метр. Акчаны үнөмдөө үчүн мэрия өткөн жылдагы жасалганы колдонду
9 / 20
Венециядагы (Италия) суу каптаган Ыйык Марк аянтында турган модель. Бороондун кесепетинен суунун деңгээли 145 сантиметрге чейин көтөрүлөт деп күтүлүүдө
10 / 20
Полиция кызматкерлери Ереванда митингге чыккан адамды кармады. Акциячылар премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахта ок атууну токтотуу келишимине кол койгонуна байланыштуу кызматтан кетишин талап кылышууда
11 / 20
Лес-Диаблерецтеги тоо лыжа базасындагы жалгыз табигый муз үңкүрүндө турган туристтер
12 / 20
Нью-Йорктогу Эркиндик айкелинин жанындагы суудан кит чыкты. Киттер бир нече жыл мурун Нью-Йорктогу портко кайтып келе баштаган. Жергиликтүү адистер буга сууларды тазалап, планктондун деңгээлин калыбына келтирүүгө жардам берген мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы себеп болгон деп эсептешет
13 / 20
Masked Cape Town City Ballet балетинин балеринасы Түштүк Африка Республикасынын Кейптаун шаарында серенада бийин бийлеп жатат
14 / 20
РФтин президенти Владимир Путин Бүткүл россиялык "Каалоолордогу балатылар" акциясынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Наталья Донскойдун кыялын орундатып, аны менен телефон аркылуу сүйлөштү
15 / 20
Көк бөрү оюнчулары Бишкектин жанындагы аймактык мелдештерде ойноп жаткан чагы
16 / 20
Адыгеядагы мамлекеттик жаратылыш биосфералык коругундагы жылдыздуу асман
17 / 20
Колумбиянын Богота шаарынын четиндеги сыйкырдуу бакчадагы колибри
18 / 20
Барселонанын көчөсүндө бет капчан бара жаткан эл
19 / 20
Индиянын Джамму шаарынын четиндеги кыш заводунда ойноп жаткан бала
20 / 20
Россиянын Карелия Республикасынын Пряжинский районундагы Шуя дарыясындагы муздуу агымдын көрүнүшү