Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде атаандашын нокаутка сулатты. Видео

Рафаэль Физиев алгачкы раундда колу менен бир нече күчтүү сокку уруп, атаандашы Ренато Мойканону нокаутка түшүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде бразилиялык Ренато Мойканону биринчи эле раундда нокаут менен жеңип алды.

​Таймаш жеңил салмак категориясында болду.

"Эмне айтарымды деле билбейм. Айткым келгендин баарын октагондо айтып салдым окшойт", — деди Физиев жеңгенден кийинки маекте.

​Рафаэль Физиев акыркы ирет британиялык Марк Диакези менен июль айында беттешип, аны калыстардын чечими менен жеңип алган. Беттеш кеченин мыкты кармашы деп табылып, кыргызстандык спортчу 50 миң доллар бонуска ээ болгон.