Новиков Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" спектаклине барды. Сүрөт

Спектаклди кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган өкмөт мүчөлөрү Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" спектаклине барышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, спектакль 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында көрсөтүлгөн. Аны Токтоболот Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери коюшкан.

"Спектаклди көрүүгө премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер келишти", — деп айтылат маалыматта.

Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган спектаклди Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.