Коронавирусту эки мүнөттө жок кылуунун жолу табылды

Тиш пастасы эки мүнөттө вирусту жок кылууга 99,9 пайызга жөндөмдүү экенин тажрыйба көрсөткөнүн изилдөөчүлөр айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Курамында цинк жана олово болгон тиш пастасы коронавирусту 99,9 пайызга жок кылууга жөндөмдүү. Мындай тыянакка америкалык окумуштуулар лабораториялык изилдөөдөн соң келишкенин РИА Новости жазды.

Изилдөө программасынын максаты тиш жуучу каражаттардын жардамы менен коронавирустун жайылуусун азайтууну аныктоо болгон.

Тиш пастасы эки мүнөттө вирусту жок кылууга 99,9 пайыз жөндөмдүү экенин тажрыйба көрсөткөн. Мындан тышкары, дагы бир изилдөөнүн жыйынтыктарында цетилпиридиний хлориди бар оозду чайкоочу каражат да жарым мүнөттө ушул милдетти аткара алары аныкталган.

"Кээ бир тиш пасталары жана ооз чайкоочу каражаттар ооз көңдөйүндөгү вирустун көлөмүн убактылуу азайтуу аркылуу COVID-19 оорусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусунун жайылышын азайтууга жардам берерин изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.

Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы COVID-19га кабылган 260 бейтап тиш пастасын жана оозду чайкоочу каражаттарды колдонгон клиникалык сыноолордун жүрүшүндө тастыкталган.