Дүйнө кубогу: Жоламан Шаршенбеков менен Калы Сулайманов жарым финалга чыккан видео

Бүгүн 23:00дө кыргызстандык эки балбан жарым финалда күрөшсө, дагы үч спортчу коло байге үчүн таймашка чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Калы Сулайманов өз салмактарында жекелик Дүйнө кубогу мелдешинин жарым финалына чыгышты. Беттешти UWW уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан таймашта 60 килограмм салмакта Шаршенбеков чейрек финалда венгриялык Виктор Чобануну 8:0 эсебинде утту. Эми ал жарым финалда түркиялык Ахмет Уяр менен кез келет. Жоламандын болгар балбаны Максим Кажарскийди жамбашка алып чапкан видеосун Азия күрөш уюму (UWW.Asia) өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Ал эми 63 килограмм салмакта ат салышып жаткан Сулайманов финалга чыгуу үчүн россиялык Жанболат Локяев менен кармашат. Кыргызстандык балбан буга чейинки этапта армениялык Геворг Гарибянды уткан.

Бүгүн беттешке чыккан кыргызстандык балбандар Кайрат Түгөлбаев (82 килограмм) 8/1 финалда жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) чейрек финалда жеңилип калышты.

Учурда жарым финалдык беттештердин алдында тыныгуу жарыяланды. Финалга чыгуу үчүн кармаштар жана кечээ күрөшкөн 55, 67, 72, 77, 87 килограмм салмактагы балбандардын алтын, күмүш жана коло медаль үчүн кармаштары Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө болот.

Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде атаандашын нокаутка сулатты. Видео
Эскерте кетсек, кечээ 55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан Балбай Дордоков коло байге үчүн азербайжандык Эльданиз Азизли менен кармашат.

67 килограмм салмакта күч сынашкан дагы бир кыргызстандык спортчу Халмурат Ибрагимов польшалык Роман Пакуровский менен таймашат. 

72 килограмм салмакта Руслан Царев болгариялык Айк Мнацаканян менен коло байге үчүн килемге чыгат.