Адис смартфонду талкалануудан сактоо жолдорун айтып берди

Эгер жумушуңуз экстрималдуу болбосо, жөнөкөй эле смартфон алып, коргоочу кап жана айнек тагып коюу жетиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Смартфон колдон түшкөндө талкаланып кетпеши үчүн атайын соккуга туруштук бере турганын алыш керекпи же жөнөкөй эле телефондун сыртына коргоочу кап кийгизип, бетине айнек чаптап койгон жетиштүүбү? Бул суроого Sputnik радиосуна гаджет жана технологиялар боюнча DGL.ru порталынын редактору Людмила Мурзина жооп берди. 

Адистин пикиринде, соккуга туруштук бере алчу аппараттар адатта оорураак болот. Андыктан эгер жумушуңуз экстрималдуу болбосо, жөнөкөй эле смартфон алып коргоочу кап жана айнек тагып коюу жетиштүү.

"Азыр смартфондун бетин коргоочу айнектер абдан сапаттуу чыгып жатат. Ал эми телефондун корпусу жөнүндө айтсак, айнек, желим жана темир менен капталган аппараттар бар. Эң ыңгайлуусу — желим. Айнектей болуп бат сынбайт, ремонту да арзан", — деди Мурзина.

Телефонго манжанын изин коюп күйгүзүү кооптуубу? Адистин кеңеши
Ошондой эле ал телефондун камерасы тууралуу дагы айтып берди.

"Көпчүлүк сүрөт же видео тартаарда камеранын бетин колго тийген нерсе менен сүртүп коет. Мисалы, жең же футболкасынын этеги дегендей. Алар камеранын бетин чийип салышы мүмкүн. Андыктан атайын жумшак сүрткүчтөрдү алып коюңуз", — деди ал.

Мындан тышкары, адис телефонду кышкы суукта ички чөнтөккө салып жүрүүнү сунуштайт. Ал суукта зарядын өтө тез жоготушу мүмкүн.