УКМК кримтөбөл "Дженгонун" жакын адамы деген кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Кармалган кишинин жашаган жеринен героин салынган таңгак табылып, учурда мамлекеттик комитеттин Ош жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл "Дженгонун" жакын адамы делген 31 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

С.Б. аттуу адам 11-декабрда КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана аларга окшош нерселерди сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМК Райым Матраимов боюнча билдирүү таратты
УКМК ал "Дженго" каймана аты бар Кадыр Досоновдун өтө жакын адамдарынын бири экенин билдирди. Кармалган жарандын жашаган жеринен героин салынган таңгак табылып, мамлекеттик комитеттин Ош жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, УКМК ноябрдын этегинде Кадыр Досоновго издөө жарыялаган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

2017-жылы "Дженгону" Кара-Суу райондук соту ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүү иши боюнча актаган.