Соңку суткада коронавирустан адам каза болгон жок, бирок 89 адам оор абалда

Бүгүн бир нече айдан бери Кыргызстандын аймагында биринчи ирет COVID-19дан адам өлүмү катталган жок.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн, 12-декабрда, Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондор катталган жок, бирок 89 адам оор абалда турат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Учурда Кыргызстандагы ооруканаларда аталган инфекциядан 2 149 бейтап дарыланууда.

Стационарда жаткандардын абалы:

  • 23 адам - канааттандырарлык абалда;
  • 1 482 - орто оордукта;
  • 555 - оор абалда;
  • 89 (4,1%) - өтө оор абалда.

Ал эми үйүндө 2 944 киши дарыланып жатат.

Оору 341 адамга жуккан. Алардын эң көбү Бишкек менен Чүй облусунда.