COVID-19дун өлүм алып келүүнү арттырган фактору айтылды

Медиктер табылган гендердин чыгышы иммунитеттин калыптанышын талкалап, пневмониянын оор түрүнө алып келүү мүмкүндүгүн түшүндүрүп беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Эдинбург университетинин окумуштуулары COVID-19 менен ооруп жаткан бейтаптын абалын оорлотуп жиберген бир нече генди тапты. Бул тууралуу РИА Новости Nature журналына таянып жазды.

Адистер ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан эки миңге чукул ноокастын ДНКларын изилдеп чыгып, DPP9, TYK2, IFNAR2, OAS1, OAS2 жана OAS3 гендерине окшогон модификацияларды тапкан.

Медиктер бул гендердин чыгышы иммунитеттин калыптанышын талкалап, пневмониянын оор түрүнө алып келүү мүмкүндүгүн түшүндүрүп беришкен.

Окумуштуулардын айтымында, бул ачылыш бейтаптарды препараттарды туура жазып, дарылап айыктырууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Анын жыйынтыгында коронавирустун он миңдеген өмүрлөрдү алып кеткенге алы жетпей калат.