Кубатбек Боронов коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды

Мурдагы өкмөт башчынын коронавирус жуктуруп ооруканада жатканы тууралуу маалымат 3-декабрда айтыла баштаган. Ал ортодо жандандыруу бөлүмүндө экени да кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан айыгып үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ал дарыланган ооруканадан кабарлашты.

"Боронов үч күн мурда стационардан кеткен. Абалы канааттандырарлык. Жалпысынан ооруканада 10 күндөй жатты. Эми эки жума үй карантининде болот", — деп билдиришти.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчынын коронавирус жуктуруп ооруканада жатканы тууралуу маалымат 3-декабрда айтыла баштаган. Кийинчерээк жардамчысы ал жандандыруу бөлүмүндө экенин, бирок абалы туруктуу деп саналарын билдирген болчу.

Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен.