БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Абай атындагы кыргыз-казак маданий борборунун ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган маданий борбор казак элинин классиги Абай Кунанбаевдин адабий мурасын пропагандалоо жана жайылтуу максатында ачылды.
"Борбордун негизги милдети – Кыргызстан жана Казакстан элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоо, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу алакаларды орнотуу жана кеңейтүү болуп саналат. Борбор ошондой эле ар кандай конкурстарды, фестивалдарды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүү милдетин алат", — деп айтылат маалыматта.
Абай Кунанбаев – казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы, окурмандар арасындагы орду казак элинин маданиятынын калыптанышы үчүн түрткү болгон. 2020-жыл Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) тарабынан Абай жылы деп жарыяланган.
Борборго келген окурмандар акындын өмүрү, чыгармачылыгы, эмгектери, анын чыгармаларынын дүйнө элинин ар кандай тилдериндеги котормолору, белгилүү абайтаануучулардын, филологдордун жана жазуучулардын изилдөөлөрү электрондук жана нота басылмалары, Абайдын чыгармаларынын толук жыйнагы менен тааныша алышат. Ошондой эле борбордо кыргыз, казак жана орус тилдеринде белгилүү казак жазуучуларынын чыгармалары коюлган.