Бишкекте Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, студенттерге тасмасы көрсөтүлдү

Ушул күнү чыгаан жазуучунун туулган күнүн утурлай Улуттук адабият күнү белгиленип, анын алкагында бир катар онлайн жана офлайн иш-чаралар өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ала-Тоо" аянтындагы эстелигине гүл коюлуп, бир катар иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Бүгүн, 12-декабрда, чыгаан жазуучунун туулган күнүн утурлай Улуттук адабият күнү белгиленүүдө.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Илязбек Балташев, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Республикалык китепкананын директору Роза Султангазиева жана USAID агенттигинин "Окуу керемет!" долбоорунун директору Лиана Гертч катышкан.

Республикалык китепканада Айтматовго байланышкан онлайн жана офлайн иш-чаралар өткөнү белгиленди.

Бишкекте Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылды
Мындан тышкары, Бишкекте "Мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов" аталышындагы IV Ысык-Көл форуму болуп өттү. Иш-чара онлайн форматында болуп, ага жазуучунун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен Түркиядан келген коноктор катышты.

Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө студенттерге "Айтматов дүйнөсү" аталышындагы даректүү тасма көрсөтүлгөн. Анын режиссёру Бакыт Карагулов болгон.