УКМК Финполдун мурдагы төрагасы Бакир Таировду кармады. Себеби

Парламенттик шайлоо алдында Финполдун мурдагы төрагасы партияны каржылоо керек деген шылтоо менен мамкызматкерди ири суммадагы акча бердиртүүгө мажбур кылганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) мурунку башчысы Бакир Таиров кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Таиров ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз алган деп шектелип жатат.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында октябрь айындагы парламенттик шайлоо алдында Финполдун мурдагы төрагасы Т.Б. саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдын башчысын ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы белгилүү болду", — деп айтылат билдирмеде.

Кечээ мекеменин мурдагы башчысы Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.