БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Алексеевка айылынын тургунунан Улуу Ата Мекендик согуштун убагындагы курал табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алынган курал Шпагиндин тапанча-пулеметуна окшош.
Аталган иш боюнча Жазык кодексинин 253-беренесине ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү") ылайык иликтөө иштери башталган. Курал-жарактын кайдан чыкканын жана моделин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.