ЖМК: Москвада кыргызстандык келинди полиция кызматкерлери метродо төрөтүп алышты

ЖМКларда жаңы көз жарган аял ымыркайынан баш тартты деген маалыматтар тарап кеткени айтылат. Бирок бул билдирмени полиция дагы, төрөт үйү дагы төгүндөдү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстандык келин Москвадагы метродо көз жарып, анын төрөтүн полициянын эки кызматкери кабыл алды. Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы кабарлады.

Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны
Билдирмеге караганда, бөбөк 9-декабрь күнү кечинде "Электрозаводская" станциясынын аймагындагы метронун кире беришинде төрөлгөн.

Маалым болгондой, полиция кызматкерлери медиктер келгиче келиндин төрөтүн кабыл алышкан. Уул бала аман-эсен төрөлгөн. Андан соң 29 жаштагы энени наристеси менен төрөт үйүнө алып кетишкени кошумчаланды.

ЖМКларда жаңы көз жарган аял ымыркайынан баш тартты деген маалыматтар тарап кеткени айтылат. Бирок бул билдирмени полиция дагы, төрөт үйү дагы төгүндөгөн.

Басылманын маалыматы боюнча, кыргызстандык келин Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана эч жерде иштечү эмес.