ЖК "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кайра карамай болду

Документ сөз эркиндигин ооздуктоо үчүн чыгарылганын айткан жарандар соцтармак аркылуу нааразычылыктарын билдиришкен. Ошол кездеги президент мыйзам долбоорду толуктоо үчүн артка кайтарган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кайрадан каралмай болду.

ЖКнын сайтында документ Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин күн тартибинде бешинчи маселе болуп турат. Жыйынды 14-декабрда саат 10:00дө өткөрүү пландалууда.

Анда президенттин бул документке каршы пикир билдирип, артка кайтарганы талкууланат.

Чуу түшүргөн мыйзам долбоорлорунун автору Гүлшат Асылбаева тууралуу 6 факты
Жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, президенттин ЖКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов чакырылган.

ЖК депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Twitter баракчасына: "Эл референдумду талкуулап бүтө электе дагы бир сюрприз даярдап коюшту", - деп жазды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында кабыл алынган.

Демилгечилердин айтымында, фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.

Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды
Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбоорго карата каршы пикирге кол койгон. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөбүздүн негизги мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.

Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.