Кыргызстандын FIFA уюмунун жаңыланган рейтингиндеги орду аныкталды

Быйыл пандемияга байланыштуу Кыргызстан курама командасы оюн өткөргөн жок. Мындан улам ата мекендик футболчулар дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчү жок болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2020-жылы чыгарган улуттук курама командалардын рейтингинде Кыргызстан 96-орунга жайгашты. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун расмий сайтында айтылат.

Жаңыланган рейтинг кечээ, 10-декабрда, жарыяланган.

Эшенов: футболду өнүктүрүүдө көйгөйлөр көп
Быйыл пандемияга байланыштуу Кыргызстан курама командасы оюн өткөргөн жок. Мындан улам ата мекендик футболчулардын дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчү жок болду. Сентябрдагы тизмеде команда бир позицияга көтөрүлүп, 95-орунга жайгашкан болчу. Өткөн айда кайра мурдагы позициясына түшкөн.

2019-жылдагы рейтингдин жыйынтыгына салыштырмалуу улуттук команда мурдагы эле ордунда калып келет. Анын активинде 1 240 упай бар.

Бельгия курама командасы дагы деле биринчи орунду, экинчини Франция ээлеген. Бразилия үчүнчү сапка жайгашса, андан ары Англия жана Португалия турат.

Кошуна Өзбекстан 85-орунда, Тажикстан 121, ал эми Казакстан рейтингде 122-катарга түшкөн.