Коронавирус 327 кишиден аныкталып, бир адам каза болду. Статистика

Өлкө боюнча коронавирус жуктургандар азая элек. Вируска кабылгандардын көбү Бишкек шаарында экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 327 кишиден коронавирус табылып, 447 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 113;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 45;
  • Ош облусу – 18;
  • Талас облусу – 13;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 69;
  • Жалал-Абад облусу – 33;
  • Баткен облусу – 20.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 123;
  • Ош шаары – 22;
  • Чүй облусу – 118;
  • Ош облусу – 39;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 42;
  • Жалал-Абад облусу – 44;
  • Баткен облусу – 42.

Кечээтен бери коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. Каза болгон жаран Жалал-Абад облусунун тургуну болгон.

Сурабалдиева жеке ооруканалардын COVID-19ду дарылоо ишин текшертмей болду
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 76 718ге жетип, 69 341 бейтап айыкты.

Азыркы тапта ооруканаларда 2 263 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 590 кишинин абалы оор деп бааланса, 90у өтө оор абалда.

Бир суткада 12 медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда 11 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы маалым болду.