Аталган долбоордун алкагында сейсмикалык жана сел коркунучу күч аймакта жайгашкан Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүү пландалып жатат. Жаңы конуш 1,5 миң жашоочуга же 300 кожолукка ылайыкталган. Бул тууралуу Уланбек Сасыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, конушта эки жана бир кабаттуу үйлөр курулуп, ар бир үй-бүлөгө 18 сотых жер бөлүнөт.
"Өкмөт тарабынан 2019-жылдын ноябрь айында келечектеги конуш үчүн жер берилген. Мамкурулуш долбоорго эксперименталдык деген статус берип жатат. Анткени айылды долбоорлоодо жана курууда чоң пландоо чечимдери, структуралар, курулуш материалдары жана инженердик камсыздоо тутумдары колдонулат. Ак-Тилек айылынын башкы планы дүйнөлүк шаар куруу илиминде топтолгон тажрыйбаны, адамдардын жашоосун жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында ойлоп табылган акыркы жетишкендиктерди колдонуу менен ишке ашырылганы турат. Үйлөр мыкты жылуулук инженериясын жана жогорку сейсмикалык мүнөздөмөлөрдү камсыз кылган алдын ала даярдалган монолиттик ыкма менен курулат. Албетте, бул жерде мектеп, бала бакча да нормага ылайык салынышы керек. Андан тышкары, айылдын кире беришинин оң жагына өнөр жай аймагын куруу пландалган. Жолдун жээгинде ТТС, май куюучу жай, конок үйүн иштетүү мүмкүнчүлүгүн карадык. Азыр донорлор менен сүйлөшүү стадиясындабыз", — деди Сасыкеев.
Ал курулушка инвестиция БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу тартыларын кошумчалады.