Керемет сулуулук! Кыргызстандагы оту жанган башкы балатынын сүрөттөрү

Sputnik

2020-жылдагы балатынын оту жанганы көпкө эскерилиши мүмкүн. Быйыл Бишкек мэриясы үнөмдөө максатында балатыны былтыркы оюнчуктар менен кооздоп, концертик программалардан баш тартты.

Бишкекте Жаңы жылдык балатынын оту жанды. Шаңдуу видео
Арчанын бийиктиги 25 метрге жетет. Ал 1,5 чакырымдык жаркылдаган гирлянддар, 650 оюнчук улуттук стилдеги оймолор менен кооздолгон.

Мындан сырткары, аянтта жаркылдактардан жасалган тоннель, эки көпүрө, 11 кичинекей ак балаты жана өткөн жылы "Ынтымак" паркын кооздогон шарлар бар. Ортосунда 2021-жылдын символу уй жаныбарынын кеби орнотулган.

Орнотуу жана жасалгалоо иштери менен "Тазалык" жана "Бишкек жарык" муниципалдык ишканалары алектенди.

1 / 10
Бишкекте 10-декабрда Кыргызстандагы башкы балатынын оту жанды
2 / 10
Жасалма арча 10 күндө орнотулган
3 / 10
Салтанатка келген элдин саны өткөн жылдагыга караганда бир кыйла аз болду
4 / 10
Быйыл үнөмдөө максатында салтка айланган концерттик программадан баш тартуу чечими кабыл алынган
5 / 10
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев келген элдин алдында сөз сүйлөдү
6 / 10
Арча 1,5 чакырымдык жаркылдаган гирлянддар, 650 оюнчук жана улуттук стилдеги оймолор менен кооздолгон
7 / 10
Башкы балатынын бет маңдайындагы фонтан жакта өткөн жылы "Ынтымак" паркын кооздогон кичинекей ак балатылар орнотулду
8 / 10
Орнотуу, жасалгалоо иштери менен "Тазалык" жана "Бишкек жарык" муниципалдык ишканалары алектенген
9 / 10
Мындан сырткары, аянтта жаркылдактар менен жасалгаланган эки тоннель бар
10 / 10
Майрам башталып, баарынын маанайы көтөрүңкү...