Батыш "Спутник V" вакцинасына эмнеге түс үйрүп жатат. Эксперттин түшүндүрмөсү

Эксперт вакцинанын иштелип чыгышы чоң саясат менен улуттук коопсуздукта суроо жаратып жаткан маселеге айлангандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Аскерий эксперт Игорь Коротченко Россияны НАТО өлкөлөрүнүн аскердик күчтөр аркылуу кармап туруу аракети менен Батыштын "Спутник V" вакцинасына көө жабуу кадамдарынын ортосунда байланыш бардыгын РИА Новостиге айтып берген.

COVID: Кыргызстанга калктын 20 пайызына жеткидей вакцина бөлүү пландалууда
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков чет өлкөдө россиялык "Спутник V" вакцинасынын беделин түшүрүү үчүн жасалчу иштерге атайын акча бөлүнгөндүгүн билдирген. Андан сырткары, жасалма "аналитикалык "иликтөөлөрдүн" сериялары", россиялык вакцинанын "коркунучтуу" экендиги боюнча "күбөлөрдүн" жалган билдирүүлөрү жана эмдөөдөн ар бир адам "баш тартып жаткандыгы" туурасында айтыларын эскертти.

Эксперт вакцинанын иштелип чыгышы чоң саясат менен улуттук коопсуздукта суроо жаратып жаткан маселеге айлангандыгын айтты.

Коротченко "Спутник V" вакцинасына каршы саясат "НАТО өлкөлөрүнүн аскердик күчтөр аркылуу Россияны кармап туруу аракети" менен катарлаш жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

"Бул — вакцинанын беделин түшүрүп, эл аралык рынокко чыгуусун татаалдантуу. Себеби ага ондогон мамлекеттер кызыгып жатпайбы... Вакцина маселеси, ага көлөкө түшүрүүнүн артында жасалган аскердик иштер жатат. Андыктан бул Россияга каршы НАТО өлкөлөрү, ири алдыда АКШ тарабынан жүргүзүлүп жаткан комплекстүү саясат", — деди эксперт.

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.

Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.