Баткенде соцтармактан экстремизмге чакырып жүргөн шектүү кармалды

Социалдык түйүндөрдө диний-экстремисттик уюмдарга таандык болгон видеоматериалдарды, Сириядагы согушту колдогон видеотасмалар, жихадга чакырган үндөр таркатылып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай райондук милиция кызматкерлери диний-экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Райондук милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери шектүү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 45 жаштагы А.О. аттуу жараны экенин аныкташкан. Ал кечээ, 10-декабрь күнү, Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Министрлик диний маалыматтарды абайлап чагылдырууга чакырды
Маалыматка ылайык, ушул жылдын жай мезгилдеринде Facebook социалдык түйүнүндө Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик уюмдарга таандык болгон видеоматериалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылышууну колдогон видеотасмалар, жихадга чакырган үндөр таркатылып жүргөн.

Бул факт Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.