УКМК "Дженгонун" тобуна кирген эки адамды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Видео

УКМК кармаган эки жаран тең мурда соттолгон, кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобунун активдүү мүчөлөрү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу аракетинин алкагында "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобуна кирген 52 жана 37 жаштагы эки кишини кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сөз болуп жаткан жарандардын экөө тең мурда соттолгон, кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобунун активдүү мүчөлөрү болгон. Түшүндүрүү иштеринен кийин алар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартып, мындан ары мыйзам бузбоо милдетин алышты", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Эске салсак, УКМК Кадыр Досоновго издөө жарыялаган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.