"Түндүк агым-2нин" куурларын төшөөгө келе жаткан кеме жакындап калды

Долбоордун оператору Nord Stream 2 AG ноябрдын соңунда куур төшөө ишин Германияга тиешелүү экономикалык аймакта жүргүзө турганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Германиянын Росток портундагы тыныгуудан кийин "Фортуна" кемеси "Түндүк агым-2" долбоорун аягына чыгаруу үчүн жолго чыгып, Цингст жарым аралынан көп алыс эмес токтоду.

Мындай маалыматты кемелерди көзөмөлдөгөн Marine Traffic системасынан алууга болот.

5-декабрь күнү күндүз аталган кеме Германиянын Висмар портунан чыгып, Ростокту көздөй багыт алган. Бирок көп узабай токтоп калганы айтылган болчу. 9-декабрда "Фортуна" кайра жолго чыгып, кечинде Росток портуна келген.

Жакында бүтөбү? "Түндүк агым-2" боюнча жаңы кеме курулуш иштерине келди
Германиянын Кеме куруу жана гидрография боюнча федералдык ведомствосу (BSH) 5-декабрь күнү "Фортуна" 31-декабрга чейин Балтика деңизинин түштүк тарабында иштей турганын кабарлаган.

"Түндүк агым-2" — жылына 55 миллиард куб метр газ өткөрүүгө кудуреттүү эки газ түтүгүнүн курулушу. Ал Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин жетет. Долбоорго россиялык газдын транзитинен түшкөн кирешеден кол жууп каларынан корккон Украина менен Европага өзүнүн суюлтулган газын жеткирүүгө кызыкдар АКШ каршы чыккан. Алардан тышкары, Улуу Британия, Польша жана Балтика өлкөлөрү да курулушту токтотууну бир нече ирет талап кылышкан.

Долбоордун оператору Nord Stream 2 AG ноябрдын соңунда куур төшөө ишин Германияга тиешелүү экономикалык аймакта гана жүргүзө турганын билдирген. Мында якордук системанын колдонулушу каралган. Бул талапка "Фортуна" кемеси толугу менен жооп берет.