Баткенде айдоочу каза тапкан автокырсыктагы унаадан баңгизат табылды

Милиция кырсыкка кабылган автоунаага кароо жүргүзүп, анын жүк салгыч бөлүгүндөгү спорттук сумкадан шектүү зат тапкан. Экспертиза анын нашаа экенин аныктады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Үч күн мурда Ош — Исфана унаа жолунун Баткен районундагы участкасында айдоочу каза тапкан жол кырсыгындагы автоунаадан баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында автоунаага кароо жүргүзүлгөн. Машинанын арткы жүк салгычынан кызыл-кара түстөгү Sports жазуусу бар спорттук сумкадан үч желим пакетке оролгон өзгөчө жыты бар, баңгизатка окшогон үч килограммдай зат табылган. Экспертиза анын нашаа экендигин аныктаган. Тергөө иштери уланууда.

Унаадан табылган айдоочулук күбөлүк жана техникалык паспортко ылайык, айдоочу Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Ошто жеңил жана жүк ташуучу ири автоунаа кагылышты. Видео
Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-декабрь күнү Ош — Исфана унаа жолунун 221-чакырымында (Баткен районунун Жаңы-Жер айылы) Hyundai Solaris үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, кырсыкка кабылган. Айдоочусу ошол жерде каза болгон.

Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренесинин ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.