Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитети жаңыланат

Кыргызстандын Футбол федерациясы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз футбол союзу (КФС) болуп өзгөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз футбол союзунун (КФС) кезектеги конгресси өтөт. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында 2020-2022-жылдарга уюмдун жооптуу кызматкерлери жана аткаруу комитетинин мүчөлөрү шайланат.

"Кезектеги конгрессте КФСтин президентинин 2020-жылда аткарылган иштери боюнча отчету угулат. Футболдук союздун биринчи вице-президенти, үч вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлөрү шайланат", — деп айтылат маалыматта.

Футболдук уюмдун төрт вице-президенти жана аткаруу комитетинин 14 мүчөсү бар.