Кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон Константин Юдахин тууралуу китеп чыкты

Китеп түрколог окумуштуу Юдахиндин туулгандыгынын 130 жылдыгына арналды. Анда негизинен документтеги материалдар колдонулган. Алардын айрымдары коомчулукка алгачкы жолу берилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстанда чыгаан түрколог окумуштуу, кыргыз таануучу Константин Юдахиндин эмгектерине арналган "К.К. Юдахин. Объединяя Центральную Азию словом" аттуу китеп жарык көрдү. Китептин онлайн-бет ачары бүгүн Кыргыз-Россия Славян университетинде болду.

Кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон Константин Юдахин тууралуу китеп чыкты

Даректүү-биографиялык монографиянын авторлору — публицист, тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароков жана тарыхчы Ольга Сумарокова.

"Константин Юдахинди көпчүлүк кыргызстандыктар "Кыргызча-орусча сөздүктүн" түзүүчүсү, макал-лакаптарды чогултуучу катары гана билиши мүмкүн. Бирок бул китеп менен анын чыныгы дараметин көрсөткүбүз келди. Юдахин кыргыз тилин абдан сүйгөн. Өмүрүнүн дээрлик экинчи жарымын кыргыз тилинин диалектологиясын түзүүгө арнаган. Ал кыргыз алфавитинде ө жана ү тамгаларынын пайда болушуна салым кошкон", — деди Сумарокова.

Китеп түрколог окумуштуунун туулгандыгынын 130 жылдыгына арналды. Анда негизинен документтеги материалдар колдонулган. Алардын айрымдары коомчулукка алгачкы жолу берилип жатат.