Финполдун спецназы "Унаа" ишканасына эмнеге келди. Сүрөт

Sputnik агенттигинин өзүнүн маалымат булактарынын айтымында, айдоочулук күбөлүк алууга экзамен тапшырган студенттерден акча талап кылынган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) атайын даярдыктагы бөлүгү "Унаа" ишканасында экенин күч структураларындагы ишенидүү адамдар билдирди. 

Финполдун спецназы "Унаа" ишканасына эмнеге келди. Сүрөт

Алар аталган жайдан тартылган сүрөттөрдү да салышкан. Кадрлардан жоокерлерди, кызматкерлерди, ошондой эле 20, 50, 100, 500 жана 1000 сомдуктар тизилген столду көрүүгө болот. 

Финполдун спецназы "Унаа" ишканасына эмнеге келди. Сүрөт

Маалыматка ылайык, "Унаа" ишканасы менен автомектептердин айрым кызматкерлери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырган курсанттардан акча талап кылышкан. Паранын суммасы 5000 сом экени белгиленди.

Финпол ыкчам иш-аракеттер жүрүп жатканын тастыктап, кошумча мааламыт берилерин айтты.