Бишкекте жол кире акысы кымбатташы мүмкүн деген аткаминерлер иштен алынды

Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы жетекчилер азырынча дайындала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкектин транспорт башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы эки өкүлү жумушунан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэрия автобус сатып алууга ниеттенип, бирок тендерди токтотту. Себеби
Маалыматка караганда, Кыргызстандын "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат" жөнүндөгү мыйзамдарынын 46-беренесине ылайык, "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Артур Өмүрзаков менен Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы жетекчилер азырынча дайындала элек.

Мыйзамдын беренесинде кызматкерлердин иши өздөрүнүн берген арызына ылайык токтотулары жазылган.

Эске салсак, Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Атыканов менен Өмүрзаков мэрия коомдук транспорт үчүн жол кире акысы жогорулашы мүмкүн экенин айтышкан.