Сот Атамбаевди үй камагына чыгарбай тергөө абагына которуп салды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары сот мурдагы президентти үй камагына чыгарат деп үмүттөнүшкөн. Бирок судья аны тергөө абагына которуп салды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу сунушун канааттандырган жок. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Ал ошондой эле 7-декабрда сот Атамбаевди №47 колониядан УКМКнын тергөө абагына которуу чечимин кабыл алган. Жактоочулар бул чечимге каршы даттанганы жатат.

"Алмазбек Атамбаевди 30-ноябрдан 7-декабрга чейин мыйзамсыз негизде камакта кармап турушту. Жогорку сот баш коргоо чарасын аныктаган эмес болчу. Эми сот аны камакта калтырууну чечип койду. Бирок айыптоочу тарап муну өтүнгөн эмес болчу", - деди адвокат.

Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин абалы начарлап бара жатат. №47 абактын дарыгерлери андан көп ооруларды (бронхит, грыжа, пневмониядан кийинки башка оорулар) тапкан.