"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек

Новиков жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесси автоматташтырылышы керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Новиков жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесси автоматташтырылышы зарылдыгын белгиледи.

"Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат", — деди Новиков.

Ошондой эле салмак-габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер дагы белгиленди.

Баткенге барган Новиков "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" бекеттерин текшерди
"Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясын кол менен киргизбей маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек. Ал система милдеттүү түрдө салмак-көзөмөл жана инспекциялык текшерүү комплексине туташтырылышы зарыл. Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек", — деди Новиков.

Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга өзүнө келип түшкөн маалыматтарды тобокелдиктерди башкарууну натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну автоматташтыруунун бирдиктүү системасын ишке киргизүүнү тапшырды.