Бизнес-форумда англисче суудай сүйлөгөн кыргыз министрлери. Видео

Кыргызстандын эки министри форумда тармактагы жетишкендиктери жана алдыга койгон пландары тууралуу маалымат беришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. – Sputnik. Кыргызстандын билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жана айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Кыргызстан - Пакистан бизнес-форумуна катышып жатышат.

Эки министр тең презентациясы конокторго түшүнүктүү болушу үчүн англис тилинде тааныштырышкан.

Бейшеналиевдин видеосу Билим берүү жана илим министрлигинин Facebook баракчасына жарыяланса, Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасына жүктөдү.

Билим берүү министри алгач Кыргызстан жана өлкөнүн билим берүү тармагы боюнча маалымат берип, эки өлкөнүн системасын салыштыра кеткен.

Ал эми Токтогазиев айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер жана алдыда аткарыла турган пландары тууралуу айтып берип, кайсы багытка инвестиция жасаса пайдалуу болору тууралуу дагы маалымат берген.