Сурабалдиева Байтик айылындагы балдардын ууланышын иликтөөнү тапшырды

8 жаштан 20 жашка чейинки жалпы жонунан 23 кишинин ууланып ооруканага түшкөнү кабарланган болчу. Учурда министр алардын ал абалынан кабар алып жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Байтик айылындагы мектеп окуучуларынын массалык түрдө ууланышынын себептерин иликтеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, мектеп-интернаттын окуучулары тамак-ашка ууланып, Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык ооруканасына түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирген болчу.

"Мектептеги балдардын тамак-аштан массалык түрдө ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү ден соолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек", — деди Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин учурда жабыркаган балдар дарыланып жаткан Шаардык балдар клиникалык ооруканасында алардын ал-абалынан кабар алып жүргөнү айтылды.