БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 29-декабрга чейин жарандар өздөрүн шайлоочулардын алдын ала тизмесинен текшере алышат. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.
Жаран өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшере алат?
- шайлоо участогуна барып;
- www.tizme.gov.kg порталынан;
- 119 номери аркылуу МККнын Сall-борборуна чалуу (акысыз);
- 119 номерине идентификациялык жеке номерди (ИЖН) көрсөтүп СМС жөнөтүү аркылуу.
Эгер кандайдыр бир ката аныкталып же тизмеден өзүн таппаса, жаран 29-декабрдын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына паспорттун (ID – карт) көчүрмөсүн көрсөтүү менен кайрыла алат.
10-ноябрга карата алдын ала тизме боюнча шайлоочулардын саны 3 544 403кө жетти. Алардын ичинен эркектер – 1 693 035, аялдар – 1 851 368 киши.
2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырмалуу, шайлоочулардын саны 20 849 адамга көбөйгөн.
Эске салсак, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо болот.