ПСЖ — "Истанбул Башакшехир" беттеши расалык чырдан улам токтотулду

Резервдеги калыс истанбулдук команданын африкалык өкүлдөрүнө карата айткан расалык сөзүнөн улам команда толугу менен оюн талаасынан чыгып кеткен.
Sputnik

ПСЖ менен "Истанбул Башакшехир" командаларынын Чемпиондор лигасындагы беттеши расалык чырдан улам үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу түркиялык команданын Twitter баракчасына таянып, Р-Спорт жазды. 

ПСЖ — "Истанбул Башакшехир" беттеши расалык чырдан улам токтотулду

Кечээ Париждеги оюндун 16-мүнөтүндө румыниялык башкы калыс Овидиу Хацеган "Башакшехирдин" машыктыруучусу Пьеру Вебого кызыл айып кагазын көрсөткөн. Бул окуя түркиялыктардын кыжырын келтирген. Окуянын жүрүшүндө төртүнчү арбитр истанбулдук оюнчуга карата "кара" деген сөз айткан. Мындан улам түркиялыктар оюн талаасынан чыгып кетип, беттеш аягына чыкпай калган.

"Резервдеги калыстын биздин машыктыруучубузду басынтканына байланыштуу футболчуларыбыз оюнга кайра киргиси келген жок", — деп айтылат маалыматта.

Ал арада УЕФА үзгүлтүккө учураган бул беттешти башка калыстар тобунун тейлөөсү менен шаршемби күнү өткөрүү чечими кабыл алынганын билдирди.