Байтиктеги мектеп-интернаттын балдары жапырт ууланып, ооруканага түштү

Бардык жабырлануучулар тамак-аштан ууланды делип Шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып ооруканага түштү. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылууда. Баары тең түндө Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышкан. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Ушу тапта окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталганы белгилүү болду.